Ички иштер министрлигинин академиясында курсанттарга дипломдор тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин катышуусунда академиянын 167 бүтүрүүчүсүнө дипломдор тапшырылды. Окуу жайды аяктаган курсанттар өлкө аймагындагы милиция органдарына кызмат өтөөгө жиберилди. Диплом алган ар бир курсант өлкө желегин өөп, Ата Мекенге ак кызмат өтөө үчүн ант беришти.