Бишкек шаарынын жер алдындагы жана жол үстүндөгү өтмөктөрү тазаланууда

"Тазалык" муниципалдык ишканасы Бишкек шаарындагы жер алдындагы жана жол үстүндөгү өтмөктөрдү тазалап жатат. Бул тууралуу 13-июнда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тазалоо иштери 10-июнда башталган. Шаар боюнча 11 жер алдындагы өтмөк бар: Ленин районунда 5, Октябрь, Биринчи Май жана Свердлов райондорунда 2ден. Мындан тышкары борбор калаада 15 жол үстүндөгү өтмөк жайгашкан. Жакынкы арада "Бишкексвет" ишканасы тарабынан жер алдындагы өтмөктөр жарыктандырылат.

"Мэрия шаар тургундарынан өтмөктөргө таштанды таштабоону суранат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
M89
2016-06-13 13:21:58
Ош базар жакты да карап койгулачы
0
Gema
2016-06-13 14:22:56
Ибраимов азаматсыз!Акырыныа чейин жазбаныз ушундан!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан