Кээде үй-бүлөдөгү 1 же 2 жаш бала адамды чарчатып, башка жумуш жасоого мүмкүндүк бербей калат. Эми элестетиңиз, бир убакта дароо алты эм баланы кароо, багып-чоңойтуу кандай түйшүктү талап кыларын... Мына ушундай окуяга Америка Кошмо Штаттарынын Огайо штатынын түгөйлөрү Розонно жана Миа Макги туш болушкан.
Сулуу Миа менен Розонно мектепте окуп жүргөндө таанышып, бири-бирин жарым сөздөн түшүнгөн түгөйлөргө айланышкан. Алар кичинекей кезинен көптөгөн кыйынчылыктарды өткөрүшкөн. Мианы ата-энеси өспүрүм кезинде таштап кетсе, Розоннонун энеси баңгизатын колдончу. Алардын кыйынчылыгы ушуну менен бүтүп калбай, үйлөнгөн соң балалуу болуу бакытын бир нече жыл күтүшкөн.
10 жыл эне болууну күткөн Миа бир күнү эне болорун, болгондо да алты эм экенин укканда кубанычтан эсин жоготуп коё жаздаган.
Розоннонун килемдерди тазалоо боюнча чакан бизнеси бар эле. Аялы 6 баланы багуу үчүн жумушун таштаган. Экөө эми кантип чоң үй-бүлөнү багуу керектиги тууралуу ойлоно башташкан.
2010-жылы чарчаган атанын үстүндө алты эм баланын жаткан сүрөтү интернетке жарыяланган соң бул үй-бүлө бүткүл дүйнөгө популярдуу болуп чыга келген.
Ийгилик бул чоң үй-бүлөгө жогорудагы сүрөт интернет аркылуу тараган соң жылмайган. Сүрөт дүйнөдөгү атактуу алып баруучу Опра Уинфринин да көңүлүн буруп, ал түгөйлөрдү өзүнүн кезектеги шоусуна чакырган.
Алар келгенде алып баруучу 250 миң доллар белекке берип, ошондой эле Миа менен Розоннонун кечиккен бал айын Лас-Вегас шаарында өткөрүүнү каржылаган.
Аталган окуя көптөгөн жарандарды берешендикке үндөгөн. Андан көп өтпөй тааныш эмес эле адамдар бул үй-бүлөгө жалаяктарды алып келишип, түрдүү жардамдарды сунуштай башташкан.
Жыйынтыгында бактылуу үй-бүлө "6 кичинекей Макги" аталышындагы реалити-шоусун негиздеп чыккан. Анда алты эмдин кандай чоңоюп жаткандыгы жана ата-эне өзүнүн милдеттерин кантип аткарып жатканы көрсөтүлүп турган. Эң башкысы, Розонно бизнесин кеңейтип, алар чоң үй сатып алууга жетишишкен.
Алты жыл аралыгында үй-бүлө мүчөлөрү кандай чоңойгону тууралуу түгөйлөр өзгөчө бир нерсе жасоону ойлошуп, аларды дүйнөгө белгилүү кылган сүрөттөгү көрүнүштү кайра кайталоону чечишкен.
Макгилер жашоосундагы жаңы бөлүмдү эми "Макгилер чоңоюп жатышат" аталышындагы жаңы телеберүүдө изилдешет.