Бүгүн, 15-июнда Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде өрт өчүрүүчүлөрдүн кесиптик майрамы жана Өрт өчүрүү кызматынын түзүлгөнүнө 90 жыл болгондугу салтанаттуу белгиленди. Майрамдык иш-чарага аталган кызматтын ардагерлери, өрт өчүрүү кызматкерлери, атайын чакырылган коноктор катышышты. Анда кызмат өтөөдө өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Ардак грамоталар тапшырылып, куттуктоо сөздөрү айтылды. Салтанаттуу иш-чаранын соңунда чакан концерттик программа тартууланды.
Кемин райондук өрткө каршы бөлүмүнүн башчысынын орун басары, майор Каныкей Эсенова өрт өчүрүүгө чыккан кыргыз өлкөсүндөгү жалгыз аял болуп эсептелинет. Өзүнүн оңой эмес, кызыктуу кесиби тууралуу Каныкей Эсенова мындай дейт:
"Кичинекей кезимден спорт менен алектенип, спорттун дзюдо түрү боюнча мелдештерге катышчумун. Адам өмүрүн, баалуу делген объектилерди сактап калгандыгыбыз үчүн сыймыктанам. Жолдошум да ушул кесиптин ээси болгондуктан, экөөбүз бири-бирибизди түшүнүп эмгектенип келебиз. Ооба, жумушта бекем тартип бар, эркектерге башчылык кылуу да оңой эмес, бирок үйдө кадимкидей мээримдүү жар, боорукер энемин".
Өрттүн алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Ташманбетов өлкөдөгү Өрт өчүрүү кызматынын жалпы абалы, кызматкерлердин эмгек акысы жана кандай адамдар бул кызматка алынары тууралуу айтып берди:
"Негизи, аскер кызматын өтөгөн, ден соолугу чың аскер кызматкерлери алынат. Шаар жеринде көбүнчө аскер кызматкерлери иштешет. Ал эми айыл жергесинде деле аскер кызматын өтөгөн, атайын талаптарга жооп берген жөнөкөй жарандар жумушка алынат. Кызматкерлердин орточо айлыгы 10 миң сом. Бул аткарган кызматына, эмгек тажрыйбасына жараша болот".
Өлкө боюнча 3 миңдей өрт өчүрүү кызматкери, 250дөй атайын унаа бар. Бирок унаалардын 30 пайызы гана жаӊы. Башка өрт өчүрүү жабдыктарынын да эскилиги жеткен, кээде жетишсиз да болуп калат. Негизинен бир өрт өчүрүү унаасында 5-6 адам иштеши керек. Бизде каржынын жетишпегендигинен шаарда 3-4 киши, ал эми айылда 1-2 адам гана иштеп калат. Учурда бул кызматтын абалын жакшыртуу боюнча иш-аракеттер көрүлүп жатат.