Милиция кызматы мындан ары жарандарга сылык-сыпаа мамиле жасоону жакшыртат. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев “Ички иштер органдарынын кызматкерлери жарандарга сылык-сыпаа жана кылдат мамиле кылуусу” тууралуу буйрукка кол койду. Аталган буйрук милициянын бардык өздүк курамына жарыяланды.
Эскерте кетсек министр Жунушалиев журналисттер менен болгон маалымат жыйынында милициянын жарандарга болгон мамилесин жакшыртууга сөз берген.