Нарын облусунун Кочкор районундагы Ак-Кыя айыл аймагында жааган жаандын кесепетинен Кара-Кужур суусунун деңгээли көтөрүлүп, Ак-Кыя унаа жолунун 17-чакырымындагы жолдун жээгин жеп кетүү коркунучу жаралды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 249-250-чакырымындагы унаа жолдун жээгин суу жеп кетүү коркунучу түзүлдү. Учурда керектүү техникалар менен чаралар көрүлүп жатат.
Өзгөчө кырдаал болгон жерде өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов кырсыктын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иштерине жеринде жетекчилик кылууда.