SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жолдошума капамын" деген тема талкууга алынууда.
Теманы ачкан автордун жазган билдирүүсү:
"Жашоодо эң жакын адамым - жолдошум, башыңа оор сыноо түшсө же сүйүнүч болсо, эң биринчи жолдошуң менен тең бөлүшөсүң. Айтор, Жаратканым ушул жаныңдагы жарыңды сага буюруп, түбөлүк бирге болушсун деп кошот да. Сүйүп жүргөн жарым "кыз алсаң аял болуп берет, сенин мага керегиң жок, мага бир туугандарым керек" деп менин оозумду ачырды. Турмуш деген оюнчук эмес да, бүгүн бирди, эртең экинчи аялды алып ойногондой. Бир туугандар бала төрөп беришеби же аял болуп беришеби? Өзүңдүн аялың, балдарыңдан бир туугандар жакын болобу?"
"Жолдошуңуз жөн-жай эле айткан болсо, көп капалануунун кажети жок. Ушунун айынан таарынышып кетпеңиздер, анда кайрадан теманы козгоо керек эмес. Бир туугандын, ата-эненин, балдардын, аялдын ордулары бөлөк, бирин экинчисине салыштыруу туура эмес".
"Башында жарытпаган жолдош кийин деле жарытпайт, бул менин жеке оюм. Турмушта көрүп эле жүрөбүз, болбочу нерсени болтурам деп төбөң менен жер казсаң да болбойт ."Кыз алсаң аял болуп берет" деп өтө жаңылышат. Үйлөнөрдүн алдында ойлонуш керек. Ушундай кыска ойлогондордун айынан 5-6 аял алып кетиргендер келип чыкса керек..."
"Эркектер ошондой болушат. Албетте, тууган жакын, табылбайт, бирок бир нече жылдан кийин анын жашоосунда сен кандай роль ойнооруңду түшүнөт. Болгону ушундай жаман сөздөрдү айтканга жеткирбегенге аракет кыл. Жолдошуңдун ата-эне, бир туугандарынын жанында дайым жолдошуңдан да өтүп аларды сыйлап, жакшы мамиле кылып жүрсөң, сен бактылуу аял болосуң. Аялдар аябай таарынчаак болушат. Сен эркелеп таарын, жылмайып таарын, балким, назик ыйлап ал. Бирок кандай болсо да биринчи жолдошуңду да, жолдошуңдан өтүп анын жакындарын сыйласаң сыйга ээ болосуң".
"Сырымды айтып, акыл-насаат сурап турганга жанымда бир тууганым болсо кана деп ар күнү ойлонуп, өзүм менен өзүм болуп жүрө берем. Үйдө жападан-жалгыз өзүммүн, жолдошумду ушунчалык жакын адамым деп жүрчүмүн. Көрсө, адашыптырмын, апама ашыкча эч нерсе айта албайм. Апам экөөбүз элебиз, ошондуктан анын жүрөгүн оорутпай эле коёюн деп эч нерсе айтпайм. Жолдошумдун "Мен бир нерсе болсом, мага бир туугандарым келишет, сен бир нерсе болсоң, сага ким келет?" деп айткан сөзү жүрөгүмдү бычагы жок сайгандай эле болду".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.