"Талас облусунун Кара-Буура районунда милиция кызматкери жол күзөттө жайкы тапичке менен турат. Муну кантип түшүнсө болот? Биздин унааны токтоткондо милиция кызматкеринин бутунда байпагы жок экенин, Кытайда чыгарылган жеңил тапичке кийип алганын көрдүк. Үстүндөгү формасына ылайыктап жакшынакай эле бут кийим кийип албайбы..." - деп билдирди окурман 16-июнда SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу. Окурман ар бир мамлекеттик кызматкер өз жумушуна жоопкерчиликтүү мамиле жасашы керектигин кошумчалады.
Бул окуя тууралуу SUPER.KG порталы Жол-патрулдук милиция башкармалыгына кайрылды.
"Эгер бул сүрөттөгү патрулдук милиция кызматкери чындыгында эле уставдык форманы бузуп, окурман билдиргендей кийинген болсо, анда кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, тартип жазасына тартылат", - дейт Жол-патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов.
Ошондой эле басма сөз катчы ал милиция кызматкеринин төш белгиси жана колунда таякчасы болбосо, анда ал аймактык тескөөчү болушу мүмкүн экенин кошумчалады.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.