Нарын облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Дөөлөт Ибраевдин айтымында, учурда Нарын суусунун агымы төмөндөдү. Буга чейин 730 куб метр болсо, 690 куб метрге төмөндөдү.
"Ошондой эле Нарын облусундагы башка суулардын деңгээлинин да төмөндөшү байкалууда", - дейт Ибраев.
Маалыматка ылайык, райондор жана айыл аймактарындагы Жарандык коргонуу топтору кырсыктардын алдын алуу жана кырсык болгон жерлерди калыбына келтирүү иштерин жүргүзүшүүдө. Ал үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарындагы өкүлчүлүгү 3 миң литрден ашуун дизель күйүүчү майын жана 2 миң кап кум, ошондой эле 4900 литр күйүүчү-майлоочу материалдар, инженердик техникаларын берди. Кооптуу болгон аймактарды көзөмөлдөө иштери жүрүүдө.