Алмазбек Атамбаев: "Биз алдандык, бирок "Кумтөр" иштеши керек"

Биз алдандык, бирок “Кумтөр” иштеши керек”,- деди президент Алмазбек Атамбаев 3-апрелде И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде студенттер менен болгон жолугушууда. Ошондой эле мамлекет башчысы ушул жылдын аягына чейин "Талды-Булак Левобережный" алтын кени ишке кирет деген үмүтүн билдирди. “Мен 3-4 кен ишке кирип, “Газпром” бизге өтөрүнө ишенем”,- деди ал. Эске сала кетсек, марттын башында Экономика министри Темир Сариев “Кумтөр” боюнча комиссияны жетектеп, Кыргызстан менен "Centerra Gold Inc" компаниясы менен "Кумтөр" боюнча буга чейин түзүлгөн келишимдерди кайра карап чыгуу тууралуу сүйлөшөрүн, эгерде сүйлөшүү болбосо, анда өкмөт 3 айдын ичинде келишимди жокко чыгарарын билдирген. Ал эми 29-мартта Кыргызстандын жумушчу тобу “Кыргызгазды” Орусияга сатуу боюнча “Газпром” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө Москвага учуп кеткен. Болжол менен макулдашуу процесси 1-апрелде бүтүшү керек болчу. Бирок бүгүн, 4-апрелде "Газпромдун" өкүлдөрү Бишкекке учуп келери күтүлүүдө. Сүйлөшүүлөрдүн акыркы этабы жакын арада аяктамакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан