Жантөрө Сатыбалдиев "Кыргызгазды" "Газпромго" сатуу боюнча орусиялык делегация менен сүйлөшүү жүргүздү

4-апрелде КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Орусиянын Энергетика министринин орун басары Анатолий Яновский жана “Газпром” ишканасынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Валерия Голубева менен Бишкекте жолугушту. Жолугушуу учурунда “Кыргызгаз” ишканасын Орусия тарапка сатуу маселеси талкууланды. Тараптардын маселени бирдей түшүнүүсү белгиленди жана макулдашуу үзүрлүү нукта жүрүп жатканын айтат өкмөттүн басма сөз кызматы. Айта кетсек, бул сүйлөшүүлөр айтылган маселе боюнча жыйынтыктоочу пикир алышуу болмокчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан