23-апрелде Бишкектеги “Жаннат” мейманканасында “Ийгиликтүү ишкер - күчтүү өлкө” көргөзмө-форуму болот. Жаш ишкерлер ассоциациясы (ЖИА) уюштуруп жаткан иш-чаранын башкы максаты - өлкөбүздөгү жаш ишкерлердин башын бириктирип, учурдагы ишкердикке тоскоол болуп жаткан көйгөйлөрдү талкуулоо. Аталган иш-чарага тиешелүү мамлекеттик мекемелердин, эл аралык уюмдардын, өлкөбүздүн бардык регионундагы бизнес коомчулуктун өкүлдөрү жана эксперттер катышат. Ошондой эле форумдун алкагында ЖИАнын мүчөлөрүнүн продукциясын жана сунуштаган кызматтарын таанытуу көргөзмөсү өткөрүлөт.