ӨКМ: Жалал-Абад облусунда чагылгандан 120 эмес, 145 кой өлгөн

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда чагылгандан 145 кой өлгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Аталган райондогу Ак-Жол айыл аймагынын башчысынын орун басары Келдейбай Сатыбеков 20-июнда SUPER.KG'ге өлгөн койлордун саны 120 экенин билдирген эле.

ӨКМнын Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы Замирбек Дүйшөбаевдин берген маалыматына ылайык, 16-июнь күнү саат 09:00-10:00 чамасында Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагына караштуу Ак-Суу айылынын тургундары Анарбек уулу Жахангир жана Умар Жолдошбаев 600 койду Токтогул районунун Кашка-Суу жайлоосуна айдап баратышкан. Алар Суук-Дөбө жайлоосуна жетишкенде ташка чагылган түшүп, 145 баш кой зоодон ыргып кеткен. Анын ичинен 115 койду союп, кардын жарып алышкан, калган 30 кой белгисиз болууда. Союлган койлорду 17-июнда ээлерине ошол жерден таркатып берип, калган койлорду андан ары айдап кетишкен. Бир дагы мамлекеттик органга маалымат беришкен эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
BARCHA
2016-06-21 14:03:03
120 кой десе кудуулдарды эстеп кеттим ))))
+1
abusait
2016-06-21 14:09:41
Маалымат бергенде эмне , кайра тирилтип беришмек беле? Окмот кайра аларга аны муну айтып баштарын оорутмакда.
0
kg-bala87
2016-06-21 14:12:39
120 койго белги берилиптирда
+2
KGstan1981
2016-06-21 14:17:48
ОКМге дагын жанагы 120 депутат звонок этишип олгон койлордун санын 120 эмес 145 деп маалымат бер деп койгон окшойт да))))
+6
bema_bema
2016-06-21 14:55:33
Ха ха ха кечээ жазган эле да ак уйдогу 120 кой деп бир форумчу чычалашканго булар.
0
Aiko_92_29_08
2016-06-21 15:15:39
Ар бир депутат бирден кой беришсин эми
+1
Kana
2016-06-21 15:30:32
120 кой десе оздоруно алып жатса керек
+1
Sema87
2016-06-21 15:58:04
Оа бул да болсо Алланын бир белгиси 120 койбу же башкабы
0
BarsBaatyr
2016-06-21 16:24:34
120 ны өзгөрткүлө деген буйрук келди
+2
arawan
2016-06-21 16:34:01
5 ти 10 кылып 50ну 100 кылып айта берет да кантип так санын айтсын
+1
maisalbek_93kg
2016-06-21 19:02:32
Кана дагы чагылган болуп 120 сына тийсе
+2
Neizvestno777
2016-06-23 02:51:47
Ха ха ха 120 кой. 1теке да бар эле ага чагылган тийбепби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан