75 жыл мурун, 1941-жылы 22-июнда Улуу Ата Мекендик согуш башталган. Согуш СССРге Германиянын кол салуусу менен башталган. 1941-жылы 22-июнда түнкү саат 3төн 10 мүнөт өткөндө Львов облусунун коопсуздук кызматы УССР КГБ кызматына шашылыш коңгуроо чалып, Сокаль шаарынын аймагындагы чек арадан өткөн вермахт ефрейтору Альфред Лисков кармалганын, 22-июнда таң эрте Германия аскерлери согуштук чабуулга өтөрүн айтканын билдирет. Бирок немистер таңдын атышын күтпөй, түнкү саат 3:30да чабуулга өтүшкөн. Ошентип, Экинчи дүйнөлүк согуш башталган.
Улуу Ата Мекендик согушка кыргыз жеринен 360 миңден ашуун адам аттанган. Алардын ичинде миңге чукулу аялдар болгон. 160 миңден ашуун жоокер согушта курман болгон.