Күйөөсү таштап кеткен 1-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аял көксөп жүргөн максатына жетип, кайрымдуу мекендешибиз Азамат Байматовдун жардамы менен үйлүү болгон эле. Башкалардан камкордук көргөн Айзада айым буга ичи жылып, өзү да башкаларга жакшылык кылууну максат кылып келген. 23-июнда ал жашаган 4 бөлмөлүү үйгө 1 үй-бүлө көчүп келди. Тактап айтканда, былтыр үч эмди жарыкка алып келген Бактыгүл Камчыбек кызы бул үйдө убактылуу баш калкаламай болду.
Бактыгүл айым буга чейин Бишкекте үйү жок экенин айтып, өкмөттөн жардам сурап кайрылган. Мындан улам Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун наристелердин патология бөлүмүндө, андан кийин Оштогу балдар үйүнүн бирине которулуп, убактылуу күн кечирип келген.
"Бактыгүл айым бул жерде бекер жашайт. Бишкекте 8 кишиге салынып жаткан үй декабрь айында бүткөрүлөт. Анда багар-көрөрү жоктор, ден соолугу жумуш таап, иштөөгө мүмкүнчүлүк бербегендер жашайт. Ошол үйгө Бактыгүл биринчилерден болуп жазылды", - дейт Азамат Байматов.
Ал эми турмуштун оор сыноосун баштан өткөрүп жаткан үч эмдин энеси Бактыгүл Камчыбек кызы: "Балдарымдын атасы бир дагы жолу кайрылып келген жок. Ал досторунан бошоп келгиче менин балдарым үйлөнүп калышат. Ансыз деле жашоом өтүп жатат. Элим бар экен, ачка калган жокмун. Мен көргөн кордукту ит дагы көрбөсүн", - деп көзүнө жаш алды.