ЖЫЛНААМА, 24-ИЮНЬ: Эмгек сиңирген дарыгер, профессор, хирург Эрнст Акрамов 80 жашка толду

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор, хирург Эрнст Акрамов 80 жашка толду. Ал 1936-жылы Бишкек шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн.

Эмгек жолун Бишкектеги №2-клиникалык ооруканада хирург болуп иштөө менен баштаган. 1967-жылы кандидаттык, 1990-жылы докторлук диссертациясын жактаган. КММИде ассистент, доцент, Республикалык клиникалык ооруканада жалпы хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1992-жылдан тартып Чүй облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы болгон.

130дан ашык илимий эмгектин, 4 монографиянын жана 2 ойлоп табуунун автору. Жаратылыш жана коом туурасындагы Эл аралык академиянын академиги. Эрнст Акрамов 1989-1992-жылдары СССРдин эл депутаты, ошондой эле спорттук гимнастика боюнча СССРдин Спорт чебери болгон.

24-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан