7 жыл мурун, тактап айтканда, 2009-жылы 25-июнда дүйнөлүк шоу-бизнес, дүйнө эли поп-музыканын падышасы деп эсептеген Майкл Жексон 50 жаш курагында каза тапкан. Анын Лос-Анжелестеги үйүндө ооруну сездирбөөчү дарыны ашыкча ичип алып көз жумганы белгилүү болгон.
Майкл Жексон 1958-жылы 29-августта Гэри (Индиана штаты, АКШ) шаарында туулган. Үй-бүлөдө жетинчи бала болгон. Ата-энеси Жозеф жана Кетрин Жексондор балдарын катуу тартипте кармашкан. Чыгармачылыкты Майкл 1964-жылы баштаган. Атасы "The Jacksons" деген аталыштагы топ ачып, балдарын ошол топ аркылуу тааныткан. Атасы өзү дагы музыкага жакын жан болгон. 1966-жылы Майкл атасынын тобунда башкы солист болуп ырдай баштайт. Ал убакта топтун аты "The Jackson 5" болуп өзгөрөт, анткени ал топто Майкл менен чогуу анын 5 бир тууганы дагы ырдаган. 1969-жылдан тарта ал топ элдин оозуна алынып, дүйнө жүзүнө тараган. 1985-жылы "Thriller" деген альбому жарык көргөн. Ошол альбому 104 миллион диск менен чыгып, дүйнө жүзү боюнча эң көп нускалуу альбом болуп, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген.
25-июндун жылнаамасы.