Евро-2016: Венгрияны 4:0 эсебинде уткан Бельгия курамасы чейрек финалга чыккан алтынчы команда болду (фоторепортаж)

ВЕНГРИЯ-БЕЛЬГИЯ - 0:4

Голдор: Алдервейрелд (10-мүнөттө), Бачуайи (78-мүнөттө), Азар (80-мүнөттө), Карраско (90+1).

Футбол боюнча Францияда өтүп жаткан Европа чемпиондугунда Бельгия курамасы чейрек финалга чыккан алтынчы команда болду. Бельгиялыктар жарым чейрек финалда Венгрия курамасы менен беттешип, 4:0 эсебинде утуп алышты. Тулуза шаарында өткөн беттеште Венгрия атаандашына туруштук бере алган жок.

Чейрек финалда Бельгия курамасы Уэльс менен беттешет. Беттеш 1-июлга пландалган.

Чейрек финалдагы атаандаштар:

30-июнь. Польша-Португалия

1-июль. Уэльс-Бельгия

2-июль. Германия-Италия/Испания

3-июль. Франция-Англия/Исландия

Евро-2016: 1/8. Венгрия - Бельгия
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurik.180212
2016-06-27 11:53:58
Бельгия алга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан