Ырчы Мирбек Атабеков Германияда өткөн америкалык ырчы Стиви Уандердин концертине барып, социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөдү.
Ал көрүүчүлөрдүн катарында отуруп эле тамаша иретинде аларга кайрылды.
"Тынчтаныңыздарчы, сураныч. Дагы 10 мүнөттөн кийин силер үчүн ырдай баштайм", - деп күлдү ырчы мырза.
Ал эми ырчынын күйөрмандары анын да ушундай чоң концерттик залдарда жеке чыгармачылык кечесин өткөрүшүн каалап, жылуу пикирлерин калтырышууда.