Биз социалдык тармакта

Мыйзам иштебей жатабы? Парламентте порносайттарды бөгөттөө сунушталды (видео)

Бүгүн, 28-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Салтанат Аманова порносайттарды бөгөттөө керектигин айтты.

Отурумда Министрлер кабинети демилгечи болгон Кылмыш-жаза жана Укук бузуулар кодекстерине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан.

"Өнүккөн мамлекеттерде порносайттардын бардыгы жабылган. Биз ошого качан келебиз, ошондой мыйзамдарды качан алып келе аласыздар? Бул сайттарды жабуу эч кимге деле жолтоо болбойт",- деп өкмөткө суроо узатты.

Өкмөттүн өкүлү аталган мыйзам долбоорунда интернет аркылуу порнографияны тараткандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча норма бар экенин билдирди.

Эл өкүлү кескин түрдө чектөө киргизүү нормасы керектигин белгилели. Өкмөттүн өкүлү анда мындай нормаларды башка мыйзамга киргизүү керектигин айтты.

Эске салсак, быйыл март айында порнографиялык мүнөздөгү материалдарды камтыган сайттарды бөгөттө боюнча Министрлер кабинети токтом кабыл алган.

Өткөн жылы июлда Жогорку Кеңеш тарабынан “Интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, өлкө башчысы кол койгон.

Парламентте порносайттарды бөгөттө сунушталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан