Мүнүшкөрлүк - кыргыз элинин байыркы өнөрлөрүнүн бири. Ушул жылдын 3-8-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтө турган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата мүнүшкөрлөр да кызуу даярданып жаткан кездери.
Ысык-Көл районунун Корумду айылынын тургуну Мирлан Калилов 10 жылдан бери мүнүшкөрлүк менен алектенет.
"Асыл иттерди, асыл куштарды кармоо ата-бабабыздан бери келе жаткан салт. Жаа тартып, аң уулап күн өткөрүшкөн. Бул жан багуунун бир жакшы түрү болгон. Биз II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ителги, ылаачын менен салбуурун оюнунда 40тай мамлекеттин арасынан кыргыз өлкөсүнүн намысы үчүн ат салышабыз", - дейт Мирлан Калилов.
"Колумдагы ителги быйылкы бир жарым айлык балапан. Уядан алынган. Колго көндүрүү үчүн ата-энесинен да артык тамак берип, күнүнө 2-3 сааттан учуруп, бапестеп карап багуу зарыл. Бардык нерсе тапка жараша болот. Ителгилер таза болушат. Эски, туздалган эт жебейт. Эгерде туздалган эт берсе, ооруп өлүп калышат. Андыктан жаңы эт берүү зарыл. Суусунун кан менен кандырышат. Ителги биздин жана Казакстандын тоолорун мекендеп, жазында балапан басып чыгарып, чоңойтуп, келгин куштар менен тамактангандыктан, күзүндө алардын артынан учуп кетишет. Ителгини күзүндө торго түшүрүп алышат, уядан кармап алгандар да болот", - дейт мүнүшкөр.
"15-августта кыргыз жериндеги бардык мүнүшкөрлөр, куш билгилер чогулуп, мыкты, кыраан ителги, ылаачын аралаш 5 куш жана 5 бүркүт тандашат. Себеби көчмөндөр оюндарында кыргыз элинин намысын коргогон мыктыларды, татыктууларды тандап алсак деген жакшы тилек.
Кыргыз элинин залкар манасчысы Саякбай Каралаев да мүнүшкөрлүк менен алектенчү экен. Таптап жаткан бүркүтүнүн же ителги кушунун тырмагынан баштап куйругунун учуна чейин “тырмагыңдан ий, куйругуңдан ий, көзүңдөн ий, айланып кетем, тегеренип кетем” деп эркелетип кагылчу экен. Мен да азыркы багып жаткан ителги балапанды "кара жаным, кара көзүм" деп эркелетем",- дейт
М.Калилов.
"Булар макулук болгону менен, адамдын кандай мамиле кылып жатканын сезишет жана багып жаткан адамына көнүп калышат”, - дейт мүнүшкөр.
"Бир жолу балапан ылаачынды багып калдым. Ал эркин эле учуп жүрчү. Үйдүн короосуна келип, менин келишимди күтүп отурчу. Кээде ачка болсо тамак бербейсиңби дегенсип калпагымды учура тээп кетчү. Баккан адамын булар деле өз ата-энесиндей көрүп калышат.
Асмандын төрөлөрү болушкандыктан, эркиндикти самашат. Андыктан 2-3 сааттан учуруп, аң уулоого чыгарып турабыз".
"Ителги менен ылаачын алган курмандыгын адалдап мууздашат. Ошондуктан да арабдар абдан баалашат. Булар бири-биринен уя талашышы мүмкүн.
Ителги менен ылаачындын айырмачылыктары: ителгинин өңү кара, тумшугу көк, көзү кара, көзүнүн тегереги да, буту да көк болот. Ал эми ылаачындын буту саргыч келип, көзүнүн тегереги да саргыч болот. Ителги чоңураак, балбаныраак келет. Ылаачын ителгиден кичирээк келет. Эң учкулу ылаачын", - деди М.Калилов.
Андан соң жарым кылымдык өмүрүнүн ар бир күнүн бүркүт менен өткөрүп келе жаткан Дайырбек Айбашевди кепке тарттык. Дайырбек Айбашевдин 7 атасы, бир туугандары да өмүр бою мүнүшкөрлүк менен алектенип келишкендиктен эс тартканы куш таптоо менен алек. Учурда уулу Жалил да куш багуунун тилин түшүнүп, атасы алыска кеткенде үйдөгү куштарга атасынын ордун жоктотпойт.
“Мына бул бүркүтүм 16 жашта. Асманда 1 жыл жүргөн, 15 жылдан бери менин колумда. I Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда биринчи орунду алган. Артымдагы бүркүткө 14 жыл болду. Экөө тең торго түшкөн. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына эки бүркүт менен катышам. Өтө даярданбай элебиз. Буюрса, август айында баштайбыз. Кудайга шүгүр, кыргыз жеринде бүркүтчүлөр көбөйүп келатат. Талаш таалайдан дегендей, маңдайга жазганын көрөбүз.
Бүркүттөрүм буга чейин көптөгөн байгелүү орундарды ээлеп келе жатышат. Быйыл 16 түлкү, 1 чөө алдырдым. Буларды жаш баладай эле багуу, кароо керек. Жалаң жаңы эт менен азыктанышат. Жазында карга, көгүчкөн, сагызгандарды атып беребиз. Ар биринин ырыскысы бар, андыктан бүркүттөрдүн азыгы биз үчүн көйгөй деле эмес”, - дейт бүркүтчү.
"Бүркүттү кагып-силкпей, урбай караш керек. Кек сактап калса, баары бир кегин алышат. 15 жылдан бери мен атасындай эле болуп калдым. Бир-эки күн жок болуп келсем, үнүмдү алыстан эле таанып, шаңшып тосуп алат. Бир кишиге абдан көнүп алат экен. Бир айлап жакшы караган инилериме деле берип көрдүм, бирок аларга такыр көнбөй койду. Түлкү эмес, чычкан да алдыра албай коюшту".
“Бүркүтсүз жашооңузду элестете аласызбы?” деген суроого бүркүтчү мындай жооп узатты:
"Билбейм. Илгери качан үйлөнөсүң дешсе, бүркүттүн кызын алам дечүмүн. Мен туулгандан бери биздин үйдөгү туурдан бүркүт үзүлө элек. Андыктан бүркүттөр жашоомдун бир бөлүгүнө айланышкан".
"Кудайым берген берекем, көлөкөм, алтыным" деп эркелетем. Бүркүтүң мээнетиңди актап, олжо алып жатса, ыраазы болуп кетесиң. Ошол учурда бийик аскадан ат менен кантип бир кырдан экинчи кырга жеткениңди билбей каласың. Ушундай бийиктиктен түшүп кеттим, Кудай сактаптыр деп жакаңды карманасың. Бүркүтүңдү карайсың, майып кылып койбодубу деп. Бүркүткө алдырбаган куу, тажрыйбалуу түлкүлөр бар. Аларды тайган менен кубалап кармайбыз".