Кечээ, 28-июнда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинде өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин атынан Москвада эмгектенген кыргыз жарандары сыйланышты. Бул тууралуу аталган элчиликтин расмий сайтында маалымдалат.
Сыйлангандар казакстандык министрдин кыргыз мигранттары тууралуу айтканына жооп иретинде "Орусиядагы кыргыздар казак министрине жооп беришти" деген аталышта видеоролик даярдашып, анда ак эмгек менен каражат тапкандарга боор ооруганы сылыктык эмес экенин белгилешкен эле.
Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев жогоруда аталган видеороликтин катышуучулары Рысалат Карабаева жана Гүлжамал Кожоевага акчалай сыйлык жана белектерди тапшырып, жарандык активдүү көз карашы үчүн ыраазычылык билдирди. Аталган жолугушууга роликтин автору А.Ниязалиева да катышкан.
Кошумчалай кетсек, май айында Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы "кыргыз кыздары Орусияда даараткана тазалап жүрүшкөнү өкүнүчтүү" деп билдирген эле.