Алмазбек Атамбаев: “Күчүбүздү бир нерсени кыйратууга эмес, курууга жумшайлы”

"Кыргызстанда болгон нерселерди баалабайбыз. Күч-кубатыбызды бир нерсени курууга эмес, кыйратууга жумшайбыз. Бул туура эмес",- деди президент Алмазбек Атамбаев 6-апрелде шаардагы сейил бактардын бириндеги көчөт отургузуу иш-чарасында. Өлкө башчысы Кыргызстанды сакура багына салыштырып, анын ыйыктыгын белгиледи. "Буюрса, сакура 4-5 жылда гүлдөп калат деп ишенем. Беш жылдан кийин ушул жерге келип, аларды карап суктангым келет. Сакура гүлдөгөн кезде биздин элибиз тынчтыкты, туруктуулукту жана элдин биримдигин мындан дагы жогору барктап калат. Ал 365 күндүн ичинде бир апта гана гүлдөйт экен. Ошондуктан, ар бир нерсени баалай билели. Мекенибизди, бири-бирибизди коргойлу”,- деди президент. Ал эми Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коике айтылган сөздөрдүн маанилүүлүгүн белгилеп, кыргыз-япон кызматташтыгын мындан да бийик деңгээлге чыгарууга күч аракетин жумшай тургандыгын айтты.

 

Сүрөттө:

1. Мамлекет башчы менен элчи журналисттердин суроолоруна жооп берип жаткан учуру. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан