Бишкекте "Зебра" аттуу акция болуп, жөө адамдар өтүүчү жолдор боёлду

6-апрелде Бишкекте “Зебра” аттуу акция болуп өттү. Жарандык активист Айбек Баратов уюштурган бул акциянын максаты - шаардагы жол кырсыктарынын азайышына салым кошуу. Катышуучулар Москва-Акиев, Москва-Коёнкөзов көчөлөрүндө жана шаардын бир катар борбордук көчөлөрүнүн кеcилишинде жолдун жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жерин боёп чыгышты.

“Айдоочулар азыр жөө жүрүүчүлөргө жол беришпейт. Кээде унаа айдап бара жатып токтоп, жөө адамдарга жол берсең, артыңда келе жаткан айдоочу шаштырып, белги берет. Айдоочулардын көңүлүн буруу үчүн бул акцияны уюштурдук",- дейт Баратов. Иш-чарага бардык каалоочулар катышып, топ-топко бөлүнүп иш алып барышты. Өкмөт менен мэрияны карап отура бербей, минтип демилге көтөрүп чыккан жарандардын иши мактоого аларлык.

Сүрөттө:

3. Демилгечи Айбек Баратов ишти өзү баштап берди (көз айнекчен).

7. "Көп түкүрсө көл болот" демекчи, катышуучулар бат эле жаңы "зебраларды" тартып жатышты.

8. Акциянын эң кичинекей катышуучусу Арууке, 2 жарым жашта.

14. Иштин соңу. Жаңы жол белгисин көргөн айдоочулар унаасын токтотуп, жөө адамдарга жол берүүгө аргасыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
balshirin
2013-04-06 16:08:48
азамат
0
chyna_kg
2013-04-06 16:31:28
Баратовго чоон рахмат.
0
Jan_duino
2013-04-06 16:59:30
Чуй менен К.Акиев кочолорунун кезилиштерин да унутпасаныздар, студенттер коп, а машиналар кана зебра корунбойт деген шылтоосу менен "100" басып отушот...
0
niko-nuku
2013-04-06 22:37:22
Менден краска алабыз деп келишкен...Мактоого ылайыктуу иш кылышты.Бар болгула жана коп болгула....
0
umar_kg
2013-04-06 23:38:25
azamat bar bolgula biz sizder menen
0
Azem2013
2013-04-07 10:24:34
Эл yчyн kызмат kылган азаматтарга терен ыраазычылыk,
0
Azem2013
2013-04-07 10:27:57
Элге жага тyрган иш kылcан, элдин батаcын алаcын, элге жаkпаган иш kылcан, элдин kаарына kалаcын...
+1
Шаиста Шатманова
2013-04-08 13:56:44
Тиги кичинекей жөжө жакты баарынан, азаматсыңар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан