7-апрелде Бишкек шаарындагы борбордук "Ала-Тоо" аянтында 2010-жылдагы 7-апрель окуясында курман болгон баатырларды эскерүү аземи болду. Аларга багышталып куран окулуп, окуяга арналып орнотулган эстеликке гүлчамбар коюлду. Бул иш-чарага өлкө президенти Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, шаар башчысы Иса Өмүркулов, ЖКнын депутаттары жана 5 миңге жакын адам катышты. Эскерүү аземи алгач Апрель окуясына арналып тартылган, Бакиевдердин жүргүзгөн саясаты, карапайым калктын кыйналгандыгы, ошондон улам элдик көтөрүлүш чыккандыгы тууралуу даректүү тасма менен башталды. Андан соң 1 мүнөттүк эскерүү болуп, Кыргызстандын гимни жаңырды. Мындан кийин чогулгандар "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине куран окуу иш-чарасына катышууга жөнөп кетишти.
Сүрөттө:
1. Эскерүү аземи расмий түрдө мамлекеттик гимн менен башталды
2-3. Баатырларга багыштап куран окуу учуру
14. Каргашалуу окуяда жакынын жоготкон ондогон адамдар бул күнү көз жашын тыя алышпады