ЖЫЛНААМА, 7-ИЮЛЬ: 83 жыл мурун Кыргыздын туңгуч профессионал оператору Марлес Туратбеков туулган

Мындан 83 жыл мурун, 7-июлда Кыргыз киносундагы туңгуч профессионал оператор Марлес Туратбеков туулган. Ал 1933-жылы Нарын облусунун Ат-Башы айылында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз элинде оператор адистигин алгандардын алгачкысы.

Анын катышуусунда Кыргыз киносунун алтын фондуна кирген "Караш-караш окуясы", "Көчө", "Джура" жана башка 30дан ашуун тасма тартылган. Марлес Туратбеков даңазалуу ВГИКтен билим алып, өмүр бою "Кыргызфильм" киностудиясында иштеген.

Өзүнүн ишмердүүлүгүндө Кыргыз кереметин жараткан көптөгөн кинооператорлорду үйрөткөн. Ал тууралуу "Кыргызфильм" киностудиясы тарабынан "Марлес Туратбеков" аталышындагы даректүү тасма тартылган.

7-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан