ЭЛДИК КАБАР: Кыргыз-казак чек арасында аскердик техникалар өткөрүлбөй турат

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайында КамАЗга жүктөлгөн аскердик техникалар чек арадан өткөрүлбөй жатканын окурман 9-июлда SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу кабарлады. "Эки КамАЗда тең аскердик техникалар жүктөлгөн экен, бирок аскердик техниканын кайсы түрү экенин даана көрө алган жокмун", - деп айтты окурман.

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн SUPER.KG'ге билдиришкендей, аскердик техникалар "Кыргыз курал" мамлекеттик ишканасы тарабынан Кыргыз мамлекетинин аймагынан сыртка чыгарылып кетип жаткан. "Кандай техника экенин айта албайбыз. Айрым документтер туура эмес болуп жаткандыктан, КамАЗдар азырынча чек арада турушат", - деп билдиришти басма сөз бөлүмүнөн.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Belek2070
2016-07-09 17:18:05
Сен кантип билип алдын Анны ичинде аскердик техника бар экенин чалгынчысынго, курал жарак болсо керек деп ойлойм танк бтр батпайтко прицепке. Бирок сага тан бердим ошону билип койгонуна сыртынан жонокой эле фураларго.
+7
Abdyrawit
2016-07-09 18:12:09
Темасын окуп мен ойлопмун бизге келе жаткан окшойт деп.. Азаматсыңар дедим эле көрсө бизден чыгып кетип жаткан турбайбы..эми эмне дейбиз, бизде аскердик техника көп да, сатсаңар жараша берет.сат сат жана сата бер, бир кызыкка бата бер
+4
altunbek78
2016-07-09 19:42:52
Эчкимге корсотпой алып чыгып кетейин десе болбой, коруп коюшкан турбайбы, байкуш военныйлар эмне кылсын анан башка сата турган нерсе жок болсо, металлалом деп койбоптурго.
+1
Rifle_S
2016-07-09 21:58:23
Мүмкүн эски аскердик техникалар. Модернизацияга кетип жатат Россияга. Жакшы ниет кылып туралчы. Сатып жибере тургандай, биздин техникалар эч кимге кереги жок.
+3
Taku.14.02
2016-07-10 01:05:01
Rifle_S,темирге же сирияга алып кетип атса керек
0
Rifle_S
2016-07-10 13:06:59
Taku.14.02,Сирияда ишке жарабайт. Ал жерде т72 танктар да араң иш берип жатат. Бизде аларга керектүү техника жок болуш керек. Россия с300 берип салды го.
0
Taalai94
2016-07-09 23:53:06
Картошка эмеспи?)))
0
nurbek1995
2016-07-10 00:04:23
сатса керек менин ойумча
-3
erikkarakulja
2016-07-10 02:14:16
Саткыла баарын саткыла.
-3
Nusu9898
2016-07-10 08:08:24
билесинерго дуйнону курал жарак менен биз камсыздайбыз... озубуздон чыкса ошончо коп техника курал жарактарыбыз болсо, эмне кыласынар 2 эле КАМАЗ экенго кетеберсин ошончо курал турганда ал эчнерсе эмесда
+3
Arslan12
2016-07-10 13:12:50
Сатып жатат деп турабы, далили жок элдик кабарга да чара коруш керек!
+3
aash
2016-07-10 22:49:05
Arslan12, Далили жок кабарчыга - - -
+1
Sagy
2016-07-10 14:24:30
Бизде Дастан деген завод бар. Ал азыркыга чейин ВА-111 «Шквал» деген торпеда жана анын тетиктерин чыгарат. Балким ошолор кетип жаткандыр??? Жон жерден эле ушакчы боло бересинерби, кыргыздар?
+1
Bekish-kg
2016-07-10 16:07:21
ааа Мына,сатканды Дале токтотуша элек экен.сат сат сат
-2
kursantvs
2016-07-10 18:46:20
бут техника бир нече жылга берилет. берилген моонот буткондо ал техникалар келген жагына кайрадан кетет.
+2
kursantvs
2016-07-10 18:49:30
танка, артилерия 5000 снаряд аткан сон жарактан чыгат, автаматтар 20000-25000 ок аткан сон жарактан чыгат.
+1
Moskva.kg
2016-07-11 10:27:49
Темирге сатышты
0
bah_tee
2016-07-11 15:20:58
Кыргызстанга келип атат окшойт деп суйундум эле. Кетип жаткан турбайбы. Сатып жатфшса керекго техникабыз көптүгүнөн
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан