11-июлга караган түнү Францияда 1 айга созулган Европа чемпиондугу аяктады. Континент биринчилигинин форматы быйыл өзгөрүп, чемпиондукка 24 команда ат салышты (буга чейин 16 болчу). Кызыгы, мелдеште тайпада 3 оюнда тең жеңишке жетише албаган Португалия курамасы жеңүүчү аталды. Биз финалдык беттеш тууралуу айрым маалыматтарды сунуштайбыз.
БАШ БАЙГЕ РОНАЛДУНУН 1 ЖЫЛДЫК КИРЕШЕСИНЕ КАРААНДАБАЙТ...
Европада футболго өтө чоң каражат салынарын билебиз. Мисалы, Криштиану Роналду жарнамадан түшкөн каражаттарды эсепке албаганда, акыркы сезондо 53 миллион евро тапкан. Бул анын маянасы жана жараткан голдору, берген натыйжалуу пастары, өткөргөн оюндары үчүн алган суммасы. Португалия курамасы Европаны багынтуу менен 25,5 миллион евро тапты. Албетте, мелдеште башкы максат - кубок жана медалдар. Ошентсе да каражаттарга токтоло кеткенибиз оң.
Ал эми 2-орунду ээлеп калган Франция курамасынын казынасына 23,5 миллион евро төлөнөт. Жалпысынан мелдешке катышкан 24 командага 8 миллион евродон каражат каралган. Калган каражат төмөнкүчө бөлүштүрүлгөн: тайпалык баскычта 1 жеңиш үчүн - 1 миллион евро; тең чыгуу - 500 миңден евро. Жарым чейрек финалга чыккандарга - 1,5 миллион евро; чейрек финалчыларга - 2,5 миллион евродон; жарым финалчыларга 4 миллион евродон каралган. Ал эми финалда утуп чыккан Португалия курамасы 8 миллион евро каражат алса, Франция 5 миллион евро алды.
Жалпысынан мелдеште Португалия – 25,5 миллион евро, Франция – 23,5 миллион евро, Германия – 18,5 миллион евро, Уэльс – 18 миллион евро, Польша 14,5 миллион евро иштеп тапты. Тайпада акыркы орунду ээлеп калган Орусия курамасы 8,5 миллион евро алды. Бул мелдештеги эң начар көрсөткүч. Мелдештин жалпы байге фонду 301 миллион еврону түзгөн.
ПОРТУГАЛИЯГА БИР ДА АТААНДАШЫ ОҢОЙ БАГЫНГАН ЖОК
Португалия курамасы өз тарыхында алгачкы чемпиондукту камсыздоо менен чектелбей, Европада жаңы тарых жазды. Ооба, Европа мындай чемпионду көргөн эмес. Команда тайпалык баскычта 3 беттеште тең атаандашын ута алган эмес. Андан соң португалиялыктар Хорватия менен беттешип, 117-мүнөттө араң жеңиш голун жаратышкан. Польша менен болгон беттеште болсо жеңүүчү пенальтилер сериясында аныкталды. Европанын болочок чемпиону оюндун негизги убактысында жарым финалда алгачкы жолу жеңишке жетишти. Команда коргонууга ыктап, каршы чабуулдан "бакыт издейт". Бул оюн стили командага жакшы жыйынтыктарды алып келгенин тана албайбыз.
Тайпалык баскыч. 1-тур
Тайпалык баскыч. 2-тур
Тайпалык баскыч. 3-тур
Жарым чейрек финал:
Чейрек финал:
Польша-Португалия - 1:1 (пенальтилер сериясы - 5:3)
Жарым финал:
Финал:
ЭДЕР: "КРИШТИАНУ МАГА ЖЕҢИШ ГОЛУН ЖАРАТАРЫМДЫ АЙТКАН"
Финалдык беттеште жеңиш голун жараткан Эдер 28 жашта. Ал Франциянын "Лилль" футболдук клубунда ойнойт. Майданга чыгып, Португалиянын тарыхындагы алгачкы кубокту алып келген оюнчу буларга токтолду: "Криштиану мага жеңиш голун киргизеримди айтты. Ал мени шыктандырып, ишеним берди. Ооба, биз көз жоосун алган мыкты оюн көрсөткөн жокпуз. Ошентсе да, команда зор эмгектин жыйынтыгында жеңишке жетишти. Элибиз мындай кубанычка татыктуу", - дейт.
"ЖАРАКАТ КОКУСУНАН БОЛДУ" ДЕЙТ ПАЙЕТ
Тасмада да бул оюндагыдай эмоцияларды жеткирүү кыйын. Криштиану Роналду жаракат алып, 25-мүнөттө майданды көз жашын токтото албаган абалда таштап кетти. Жаракатка себеп болгон кагылышуу Роналду менен Франциянын мыкты футболчуларынын бири Димитрий Пайеттин ортосунда болду. Пайет буларга токтолду: "Бул кадимки топ үчүн күрөш болчу. Мен жаракатка себеп болгон болсом, бул атайын эмес экенин айткым келет. Менин андай көрүнүштөрдү атайын кылмайым жок".
SUPER.KG порталы Европа чемпиондугун чагылдырууну жыйынтыктап жатып Португалиянын күйөрмандарын чын ниеттен бул ийгилик менен кызуу куттуктайт! Өлкөдө канча күйөрман футболдук берүүлөрдү көрө алганы боюнча атайын иликтөө жүргүзүлбөйт. Бирок өлкөдө футбол сүйүүчүлөрү көп экени белгилүү...