Евро-2016: Португалия курамасы 117-мүнөттө жеңиш голун жаратып, Хорватияны мелдештен четтетти (фоторепортаж)

Португалия курамасы Франциядагы Европа чемпиондугунун чейрек финалына чыккан үчүнчү команда болду. Португалиялыктар Хорватия курамасы менен беттешип, 117-мүнөттө жеңиш голун киргизишти. "Феликс Болар" стадионунда өткөн беттештин негизги убактысы 0:0 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктап, командалар 30 мүнөттөн турган кошумча убакытты ойношту.

Эки команда тең демилгени колго алып, биринчи номер болуп ойноодон баш тартышты. Командалар коргонууга ыктап, каршы чабуулда ойноону чечишкен. Ушуга байланыштуу дарбазага багытталган соккулардын саны күтүлгөн көрсөткүчтөн аз болду. 117-мүнөттө көпкө созулган хорватиялыктардын чабуулу натыйжа берген жок. Каршы чабуул уюштурган португалиялыктардан Криштиану Роналду топту дарбазага багыттады. Дарбазачы бул топту тосуп алганы менен, Рикарду Куарежманын соккусунун мизин кайтара алган жок.

Жыйынтыгында Хорватия курамасы мелдештен четтеп калды. Португалия курамасы чейрек финалда Польша менен беттешмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
Nurik.180212
2016-06-26 10:04:09
Татыксыз жениш болду. Ачык айтыш керек Хорватия жакшы ойноду. Топ тоголок да.
-10
Tahmina.Musaeva
2016-06-26 10:21:29
Nurik.180212, Туз жалан. Таптаза жениш болду.
+17
Nurik.180212
2016-06-26 11:58:04
Tahmina.Musaeva, азаматсын
+3
s5kgbal
2016-06-26 23:39:59
Tahmina.Musaeva,дооруй берет конул бурба
0
Abospekova
2016-06-26 11:51:09
Nurik.180212, харватия жакшы ойносо
гол киргизмек харватиянын куйормандары силер багына бергиле.
+8
s5kgbal
2016-06-26 23:39:25
Nurik.180212,татыксыз экенин далилдеп берчи
0
Bahira
2016-06-26 10:51:25
Оле оле оле олеееее Криштиану Куарежма ХХХ супер оюн болдугоооо чиркин
+4
admin_portal
2016-06-26 11:20:54
Bahira, этика нормаларын сактаңыз!
-4
Michelangelo
2016-06-26 12:30:16
Криштиану Рональду Палестинага 1 млн 200 мин$ акчалай жардам жана Непалдагы жер титироодо жабыр тарткандарга, жаш баланын операциясына ООНдун фондуна ж.бларга акчалай жардам бергенин окуп ото сыйлап калдым. Чыныгы мээнет менен ушул акыбалга жетти.
+8
Shadykanov
2016-06-26 16:03:13
Michelangelo,менда ошон учун роналдого жакынмын
+3
Begali9
2016-06-26 12:31:06
Ойн өтө сонун болду хорват жакшы ойноду бирок порту анданда сонун ойноду модричке борум оруду чынында татыктуу жениш болду алга португал алга роналду биз чемпион болобуз буйруса!!!
0
Xanbiyken
2016-06-26 13:07:19
Портунун күйөрмандары бүгүнкү утуш менен куттуктайм, жеңиш биз тарапта ехууууу.
0
new_hacker
2016-06-26 13:54:54
Португалия бари бир финалга жетпейт
+3
LEGENDA.
2016-06-26 14:13:01
Көбүнөн уктум КТРКнын комментаторлору адилетсиз алып барып жатышат деп. Бир команданы көзгө илбей бир тараптуу алып барып жатат экен угушумча.
Жана издеп таап көрдүм,чынында эле ойлонбой эле сүйлөй беришет экен. Хорватияга гол кирсе "татыксыз гол болду" деп ыйлагыдай болуп кыйкырып жатат,бул дегени Португалия күйөрмандарын сыйлабаганы... Бир чара көрүлүш керек эскертүү берип.

Мен өзүм башынан эле МАТЧ! каналынан көрүп жатам,орустардын улуу муундагы комментаторлору фу
+12
LEGENDA.
2016-06-26 14:15:21
LEGENDA.,Футболдун көркүн ачат тим эле))
-3
new_hacker
2016-06-26 14:20:51
LEGENDA.,кокус Португалия женилип калса силер деле айтмаксынар татыксыз жениш болду деп
-8
aksy.koi-tash
2016-06-26 16:50:25
new_hacker,ар кимди озундой ойлобода биз чычалабайт елек себеби барибир женмек
+1
Alixan-Nookat.2015
2016-06-26 14:56:17
Туура КТРК спорт каналынын алып баруучулары бир жактуу озу жакшы коргон командасын жениш керек дегендей кылып алып барып жатат
+6
Myrza.
2016-06-26 15:21:27
Ой-ой-ой
-4
Taku.14.02
2016-06-26 16:23:54
Кыбыраган кыр ашат деген ушул да
-1
edik07
2016-06-26 18:19:57
Партугалия жакшы ойноду бирок Польша чем партугалиядан Караганда жакшы ойнойт
+1
Partiner
2016-06-27 01:55:02
edik07, Польша ыргытат буйруса. Мен португалияга и Пенальто (Боксёрдун суйгонуно) до конца каршы турам.
-1
talant87
2016-06-26 19:24:54
пепе энкейип качканы жакты болбосо нак устуно тушмок
+1
Khabib
2016-06-26 23:28:26
жениш кимде болсо чындык ошодо
+2
Partiner
2016-06-27 01:53:49
Буйруса португалдар ыргыйт, алар бул ЕЧ ны утушка татыксыз!
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан