Франциядагы Европа чемпиондугунун 1-турунда "F" тайпасында Португалия курама командасы Исландияны ута алган жок. 15-июнга караган түнү орун алган беттеш 1:1 эсебинде жыйынтыкталды.
31-мүнөттө Нани эсепти ачып, Португалияны алдыга чыгарган. Бирок бул артыкчылыкты оюн аягына чейин сактай албаган португалиялыктар 50-мүнөттө гол өткөрүштү. Биркир Бьярнасон Исландиянын тарыхында Европа чемпиондугундагы алгачкы голду жаратты.
Бул командалар жеңүүчүнү аныктай алышпай, бирден упайга ээ болушту.
"F" тайпасындагы абал төмөнкүчө:
1. Венгрия - 3 упай
2. Исландия - 1 упай
3. Португалия - 1 упай
4. Австрия - 0 упай