Мадина Эргешова аттуу айым үй-бүлөсү менен 2014-жылы Өзбекстандан Кыргыз жерине көчүп келген. Өзбекстандын Наманган облусунда төрөлгөн кыргыз улутундагы Мадина ушул күнгө чейин Кыргыз жеринен жарандык паспорт ала албай жатканын айтат. Ал бул тууралуу SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу кабарлады.
"Жолдошум экөөбүз көчүп келгенбиз. Тиешелүү жайларга кайрылып, жарандык паспорт ала албай келебиз. Учурда Аксы районунун Авлетим айыл аймагында жашап жатабыз", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.