Бишкек шаарынын базарларынын биринде күн сайын 100 килограммдан ашуун насыбай сатылат. Бул тууралуу базардагы насыбай саткан сатуучулар билдиришти.
Сатуучулар жуманын дүйшөмбү күнү кезек менен чыгышарын айтышты, себеби дүйшөмбү күнү базарда эл аз болуп, соода болбойт. Маек учурунда сатуучулар сүрөткө тартпоону суранышты.
Насыбайдын канча турарын сураган адамга сатуучулар жабыла жооп берип, жакшы насыбай экенин айтышат. Журналисттердин суроолоруна жооп бергилери келбеген сатуучулар буга чейинки маектери тууралуу айтып беришти.
"Буга чейин бир нече жолу журналисттер менен маек курганбыз. Насыбайдын жасалып жаткан жерине чейин алып барып көргөзгөнбүз. Көрүп-билип турса да, айрым журналисттер макаланы бурмалап, бизди элге жаман көргөзүп жатышат. Насыбайдын курамында тооктун кыгы бар деп жазгандарын окудук", - деп нааразы болушту.
Насыбайдын курамында тамеки жана дарактын күйүп бүткөн күлү гана бар. Химиялык кошулмалар, аки таш жана башка зыяндуу заттар кошулбастыгын айтышты.
Өзүн Бакыт деп тааныштырган сатуучу: "Насыбайдын эки эле түрү бар: майда жана кесек. Көк, кара болуп да бөлүнөт, бирок алардын курамы бирдей эле. Мен күн сайын 8-10 килограммга чейин насыбай сатам. Мага окшогондор ондоп саналат. Күн сайын 1500-1700 сом табам. Жашоо, тиричилик ушинтип соода кылуу менен өтүп жатат", - деди.
Сатуучулар жай айларында насыбай сатып алуучулар азайып каларын айтышууда. Анткени жай айында күндүн ысыгында насыбай чеккен адамдын башы айланат. Ошондуктан насыбай саткандар үчүн жайкы үч айда соода азыраак болорун айтышты.
Буга чейин насыбайды улуу муундагы кишилер чегишкени айтылып келет. 70 жашка таяп калган Рахманали Халиков насыбайды 150-200 жыл мурун да колдонушканын айтты.
"Мен бала кезде атамдын атасы насыбай чекчү. Чоң атам аны өзү даярдап алчу. Мен жанында кызыгып карап отурчумун. Ошондо чоң атамдан "Сиздин чоң атаңыз да насыбай чекчү беле?" деп сурагам. Чоң атамдын айтымында, анын чоң атасы насыбай чексе, демек, насыбайдын тарыхы 150-200 жыл мурун эле башталган", - деди Рахманали Халиков.
"Акыркы мезгилдерде жаштар арасында насыбай көп колдонула баштады. Мен эс тартканда 60-70 жаштан ашкан аксакалдардын насыбай чеккенин көрөр элем", - деп кошумчалады Халиков.
Ал эми дарыгерлер насыбайдын зыяндуулугу, колдонгон адамга тийгизген терс таасири туурасында массалык маалымат каражаттары аркылуу байма-бай айтып келишет.
Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы тамекиге каршы күрөш боюнча улуттук координатору Чынара Бекбасаровага кайрылдык.
"Насыбайдын зыяндуулугу абдан жогору. Ал ооз көңдөйүнүн, шилекей аркылуу ашказан, ичеги ооруларын пайда кылат. Ал кан тамырларды ичкертип, жүрөк оорусуна алып келет. Жыйынтыгында адамда рак оорусу пайда болот",- дейт Чынара Бекбасарова.
"Мамлекет бул үчүн катуу аракет жасап, насыбайдын сатылышына бөгөт коюшу зарыл. Антпесе учурда 20 жаштагы насыбай чегип жаткан адам дагы 20 жылдан кийин рак оорусуна кабылышы мүмкүн. Анда кыргыздын келечегине кесепети тийип калат. Таза кандуу балдардын төрөлбөй калуу коркунучу бар", - деп кошумчалады Бекбасарова.