ЖЫЛНААМА, 17-ИЮЛЬ: Германия тарыхындагы биринчи аял канцлер Ангела Меркель 62 жашка толду

1954-жылы 17-июлда Германия тарыхындагы биринчи аял канцлер, Дыйкандардын демократиялык союзу партиясынын лидери Ангела Меркель Гамбургда мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Лейпциг университетинин физика факультетин аяктап, ГДР Илимдер академиясынын Физикалык химия институтунда эмгектенген.

Окуучу кезинде мектеп олимпиадаларында орус тили боюнча башкы орунду жеңип алып, Орусияга жолдомого татыктуу болгон. Орус тилинде эркин сүйлөйт. Анын: "Путин менен жолукканда орусча сүйлөшсөм дейм, бирок ал да мени менен эмнегедир немис тилинде маектешкиси келет", - дегени бар. Саясий карьерасында Гельмут Колдун жардамы чоң болгон.

17-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Eli75
2016-07-17 14:30:43
Кызыктуу, апам менен бир жыл, бир күндө туулганын эми билип жүрөбүз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан