1917-жылы 20-июлда BMW соода маркасы “Rapp Motoren-werke” жана “Gustav Otto Flugmaschinenfabr” компанияларынын биригүүсү менен катталган. Ал эми атактуу эмблемасы арадан 15 жыл өткөндөн кийин гана же өздөрүнүн алгачкы чыгарган автомобилинде пайда болгон.
BMW “Bayerische Motoren Werke” же “Бавариянын мотор зоводу” деп чечмеленет. Фирма өзүнүн алгачкы иш-аракетин авиациялык кыймылдаткычтарды чыгаруудан баштаган. Ошондон улам эмблемасында төрт бөлүктөн турган канат сымал үч бурчтуктар орун алган. Антсе да аталган компаниянын авиациялык иш-аракети көмүскөдө калып, ааламга өздөрү чыгарган машиналары менен таанылган.