Кытай Элдик Республикасы Ысык-Көлдө өтө турган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турганын расмий түрдө тастыктады. Бул тууралуу оюндарды өткөрүү боюнча катчылыктан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Кытайдын мелдешке катышарын тастыктаган кат өлкөнүн спорт боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан жолдонгон. "3-8-сентябрь аралыгында Кыргыз жеринде II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болорун биз кубаныч менен кабыл алдык. Биздин өлкөдөн 59 адамдан турган делегация жөнөтүлөт. Спортчуларыбыз 8 спорт түрүнөн күч сынайт", - деп жазылган катта.
Кошумчалай кетсек, оюндарга катыша турган мамлекеттердин саны 19га жетти.