ЖЫЛНААМА, 11-АВГУСТ: 20 жыл мурун болгариялык көзү ачык Ванга каза болгон

20 жыл мурун, тактап айтканда, 1996-жылы 11-августта болгариялык көзү ачык Ванга (Вангелия Пандева-Гущерова) көз жумган. Ал 12 жашка толо элегинде чоң кырсыкка кабылат: катуу шамал болуп, куюндун чок ортосунда калган Ванганын көзүнө топурак кирип көзү жабыркаган. Үй-бүлөсү аябай жакыр тургандыктан, аны дарыгерге көрсөтүү шарты да болгон эмес. Натыйжада Ванга азиз болуп калат.

Кайсы мезгилден тартып ал көзү ачыктык кыла баштаганын эч ким так айта албайт. Ванганын касиети акырындык менен байкала баштайт. Болгар окумуштуусу Георгий Лазанов Ванганын феноменин чейрек кылымдан бери иликтеп жүрүп, 7000ден ашуун алдын ала айткандарынын жүзөгө ашканын белгилейт. Ванга айткандардын кокусунан дал келип калуусу 80 пайыздан жогору экен деген жыйынтыкка келген. Айтылып жаткан 80 пайызга даңкы жер жарган саясатчылар да кирген. Сталиндин өлөрүнө жарым жыл калганда да Ванга Иосиф Виссарионовичтин көз жумарын алдын ала айткан. Анысы үчүн дароо эле түрмөгө камалат, бирок жарым жылдан кийин чындап эле Сталин каза болгондо Ванга кайра боштондукка чыккан. Окумуштуулардын эсеби боюнча Ванга касиетинин пайда болгон мезгилинен тартып акыркы күндөрүнө чейин (55 жыл) миллиондон ашык адам көргөн. Элден түшкөн каражатка Ыйык Петка православ чиркөөсүн салдырткан. Ванганын расмий чиркөө менен болгон мамилеси начар болгон, себеби православ дини ар кыл көзү ачыктардын болуусун кабыл алган эмес.

Эл көрүп, сакайып кетишине жардам бергени менен, өзүн өзү такыр дарылаган эмес. Акыркы күнүндө ал жээнинен бир чыны суу, бир үзүм нан сурап жеген. Андан соң аны жуунтуп коюусун талап кылып, "мына, эми даяр болдум" деген экен. Эртең мененки саат 9дарда ата-бабасынын арбактары келгенин айтып, 1996-жылы 10-августта саат ондо бул дүйнө менен кош айтышкан.

11-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
keba300989
2016-08-11 11:45:38
Кудайдын кудурети
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан