Бүгүн өлкөдө Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Авиация күнү белгиленет. Республиканын Аскер авиациясы 1941-жылы негизделген. Ошол жылы Одессадагы авиация мектебинин учкучтарын Фрунзе шаарына эвакуациялоо чечими кабыл алынып, февраль айында окуу башталган. 1945-жылы август айында учкучтардын мектеби Кызыл Армиянын авиациясынын учкуч-штурмалоочулардын одессалык аскер окуу жайы болуп кайрадан түзүлүп, 1947-жылдын май айына чейин Абадан коргонуу күчтөрү үчүн кадрларды даярдаган. 1947-жылдын июнь айынан баштап аскер окуу жайы СССРдин Абадан коргонуу күчтөрүнүн Фрунзе аскердик авиациялык окуу жайы болуп аталып калган. Кийинчерээк ал авиациялык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча 5-Борбордук курс болуп кайра түзүлгөн.
1959-жылдын 18-августунда Кыргыз Республикасынын аймагында 23 565-аскер бөлүгүнүн базасында авиациялык окуу полку түзүлгөн. 1957-жылдан 1992-жылга чейин бул курстардан 54 өлкөдөн 110 авиациялык адистик боюнча 21 682 адам даярдалган, анын ичинен 5698 учкуч, 749 штурмалоочу, 469 согуштук башкаруучу офицер, 165 аткыч-радист, 8998 авиатехник жана 500дөн ашык башка адистер даярдалган.
1992-жылы көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин бардык аскер бөлүктөрү, анын ичинде учуу боюнча да Кыргыз Республикасынын Юрисдикциясына алынган.
18-августтун жылнаамасы.