Ноокен районунун Жазгак айылындагы мектепте орус класстын жабылышына ата-энелер нааразы болушууда. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
“Бардык кыргыз мектептеринде орус класстарын жабуу боюнча Билим берүү министрлигинен кат келиптир. Аны бүгүн Жазгак айылындагы №34-мектептин директору ата-энелерге билдирди, себеби кыргыз мектептеринде орус класстарын ачканга уруксат жок экен. Ата-энелер ага нааразы болушууда. Буга чейин орус класска ылайыктуу китептерди сатып алган элек. Балдарыбыз да орусча жакшы сүйлөп калышкан болчу”, - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.