ЭЛДИК КАБАР: Москвадагы өрт учурунда эрдик көрсөткөн жигиттер мекендештер тарабынан сыйланышты

Москвадагы өрт учурунда эрдик көрсөткөн жигиттер мекендештер тарабынан сыйланышты. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

Өрт учурунда өз өмүрүн тобокелге салып, жардамга кол сунган Жоомарт Урматбек уулу, Азизбек Адыгапар уулу, Азамат Акматов, Адылбек Шакиров, Сабыр Алимбек уулу, Таалайбек Марип уулу Москвадагы мекендештер тарабынан сыйланып, Кыргыз маданий борбору ыраазычылык кат берди. Мамлекет тарабынан тиешелүү көңүл бурулбаган соң, аз да болсо аларга ыраазычылык билдирип коюуну туура көрдүк”, - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
Neizvestno777
2016-09-11 13:16:45
Юрий беле ким эле? Ошону сыйлаганда эле ошого кошуп эле сыйлап койбой беле ,болуп жарып ,аларга жалпандабай,булар деле ошондон артык аракет кылгандыр куткарганга,
+15
Manas230595
2016-09-11 13:28:24
Красавчиктер жигит деген ушундайда коргозушу керек жигитигин алла раазы болсун
+5
Wonderfullgirl
2016-09-11 13:40:49
Юрийди хандын баласындай кылып кутуп алышты элего, буларга деле ошондой кылып койбойбу, бир грамота берип койгонуна тан калдым тобо.
+6
djigit90
2016-09-11 14:20:40
Wonderfullgirl,ушунусуна шугур, кичине болсо да эстептир.
+8
tavanova.sarah
2016-09-11 15:01:58
Wonderfullgirl,бир грамотаны МЕКЕНДЕШТЕР берип атпайбы. Жогорку жактагыларга тиешеси жок.
Азаматсынар! Бар болгула баатырлар!
+10
boston___
2016-09-11 15:04:20
Биринчи озундукун сыйла ашып калса озгону сыйла деген ширин создор барбыле
+6
KGstan1981
2016-09-11 15:06:13
Бийлик окулдору Юрийди жакшы сыйлашты Кочмондор Оюна чыкырышты мен ыразымын.Бирок эмнеге Юрийге кошуп биздин алты жигиттерибизди дагын сыйлашпады булар Юрийден эмне кемчилиги бар.Жэ биздин бийлик окулдору Оруссияга жагыныш у-н подход жасаганыбы.Жанагы сазда ноут бук менен тушкон орус жигитти дагын жакшы сыйлашты.
+11
tatynaaiym
2016-09-11 15:36:49
Бийликти не кылабыз,ал жакта жалан таш журоктор,барибир соз отпойт.Силер бизге,кыргыз элине керексинер кыргыздын баатырлары,ар дайым улгу алчу инсандардан болуп журо бергиле!!!силерге жалпы кыргыз эли рахмат айтат,бар болгула!!!
+4
milashka.98
2016-09-11 15:38:28
Азаматсынар
+3
Barika
2016-09-11 16:26:02
Кыргызымдын жигиттери, мекенин, эл жерин аял заттын коргоп алууга милдеттүү!
Ал эми Юрий ким эле бизге, анда деген адамгерчилик бар экен. Ошол себеп кайдыгер караган эмес. Чакырып сыйлап койгону туура эле.
+10
suban78
2016-09-11 19:32:57
Barika,айтканыны колдойм,
+2
Nazgul91
2016-09-11 16:42:48
Азаматсынар
+2
malik.kadyr
2016-09-11 16:48:19
Азаматтарсынар жигиттер!!!
+2
aikol87
2016-09-11 17:28:24
Азаматтар.
+2
Kadyrbek09.10.2015
2016-09-11 18:33:48
Бар булгула аман болгула жигиттер
+2
lenovo820
2016-09-11 20:37:29
Allah yraazy bolsun silerden. Maoskvadagy mekendewter aman bolsun.
+1
nazira1989
2016-09-11 20:52:04
Ушундай эр азаматтарыбызды коруп сыймыктанабыз!
+1
anar8672
2016-09-12 01:32:01
Алтындар десе
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан