ЭЛДИК КАБАР: Ош шаарында маршруттук таксинин тормозу кармабай базарды аралап кетип, бир аял каза болду

Ош шаарындагы "Тешик-Таш" базарында маршруттук такси бир аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Окуя бүгүн саат 15:30 чамасында болду. Анда маршруттук таксинин тормозу кармабай базарды аралап кеткен. Анын кесепетинен бир аял каза болду. Жабыркагандар да бар, бирок алардын санын билбейм", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
rejepova
2016-09-11 17:31:38
shankol88, азыр адамдар чукушпаса курсагы тойбойт
+12
aijamalym94
2016-09-11 17:47:46
Birinin gowun birin jew
-1
Frunze74
2016-09-11 18:47:49
Адамдары тушунуш кыйын болуп калды же манкуртташып бара жатабы?! Тиги ИГИЛдин жетекчилери жанкечтиге бомба байлап жатып, "коркпо олумдон, сен шахид болуп туз эле бейишке чыгасын" дегендей эле кеп болуп калыптыр, "ыйык кундо олгон адам жалко эмес, бейиштин торуно чыгат" деп...

Ошол каза болгон аял силердин апанар же эже-карындашынар же аялынар болсо да ошол кепти айтат беленер?!!...
+11
Guli000
2016-09-11 18:52:39
Frunze74,Укам бала баладай эле оз жолунда журот созундун тузу кем бп калыптыр исламдан тушунугу жоктор ушинтип дооруйтта анан!
-5
Frunze74
2016-09-11 21:47:27
Guli000, сен исламчы болом деп отуруп фанат болуп калыпсын, создон качпай туз жооп бер, исламда кандай аталганы менен адам олсо суйуншуло деп айтылбайт, эгер ошол каза болгон маркум сенин АПАН болсо, анын олумуно азыркыдай кайдыгер болуп кол шилтеп коймоксунбу?! Ислам ошону уйротуп жатабы?!

Адам кайсы куну кайтыш болуп тозокко же бейишке тушо турган болсо да, биз тируулор учун олум бул олум!!! Конул айтып кайгыруу адамдык парз болуу керек, ошол нерсени азыр корбой турам...
+8
Guli000
2016-09-11 23:49:02
Frunze74,Маанилуураак жазда гангирабай апама асылбай жаз апамдын жашына сен жетесинби жокбу Кудай билет бул коменттерде эчким кубанып жазып аткан жок балакай сенде бар мээ кочодогу панкушда да бар откон эженин бейишке киришин тилешип жазып жатат мага чоната болбочу...
-10
Bayjigit83
2016-09-11 19:23:21
Frunze74,Эмне деп эле жатасын?
Тоо десе бээ деп.
0
Truelensk
2016-09-11 19:00:11
Ошо айткандар олуп барып келиптирби,олгондо курт кумурскага жем болосун башкасын билбейм.
-8
Bayjigit83
2016-09-11 19:22:00
Truelensk,Тообо кыл!
Сен мусулмансынбы озу?
+3
kyrgyzhstan
2016-09-11 19:59:27
Озу Кыргызстанда да маршрут тарды жок кылып автобустарды чыгарыш керек маршруттарды чыгарбай таксиге чыкса ири суммада штраф салыш керек россияга окшоп россияда маршруттарды корбойсун
+1
Totyua.71.
2016-09-11 20:04:38
Эч ким барып бейиш тозокту коруп келген эмес бир уй було ЭНЕДЕН ажырады арты кайырлуу болсун
+1
Zanzibara
2016-09-11 20:41:12
Бул такталбаган маалымат болуп калыптыр. Маршруттук такси эмес жашылча жемиш жуктогон грузовой бусиктин тормозу кармабай калып жол чекесиндеги соода кылып олтурган байкуш аялды тебелеп кетиптир. Маалыматты жибергенде да аркы берки жагын тактап анан түшүнүп жиберсенер божомолдоп эле сого бербей...
+11
Zanzibara
2016-09-11 20:45:43
Негизи ошол жол чекесинде олтурган аялдардын баарын базарга киргизиш керек. Базаркомду жоопко тартыш керек ошол коркунучтуу жерге соодага уруксат бергени үчүн.!!!Мындай кырсык эртели кеч сөзсүз кайталанат. Биз кыргыздар эч качан техниканы карап минбейбиз. Качан кырсык болгондо анан кокуй ай кокуй болмой. Бүгүнкү бусиктин айдоочусу да жапжаш бала дешти.
+6
sabyr86
2016-09-11 21:04:25
Техсмотр дегенден өтүшпөйт,убагында карашпайт шашып,бушуп эле эптеп акча табыш керек.
+4
adilbars
2016-09-11 22:56:00
Техника кайсы учурда болбосун кутуусуз иштен чыгып калышы мумкун. Ал эми базарды коопсуздандыруу башка маселе. Бугун Ошто базар ичинде мындай кооптуу жайлар толтура. Аны айтары менен эле жергиликтуу бийлик базарда аран тирилик откоруп отургандарды кубалап баштайт. Бул маселени чечуунун жолу эмес! Эгер ошол аял чындап соода кылып отурган болсо эрте менен ошол каза болгон орду учун акча тологон чыгаар! Базарды жонго салып, шарт жаратыш керек! Ал женил эле ишке ашат, каалоо керек!
+1
Shat.88
2016-09-12 00:09:28
Менин билишимче бир эле Кудай бар эле супер инфодо кудайлар кобойуп баратат негизи бир нерсе болду дегиче адвокат сот биякта калсын, баары кудай болуп чыга келищет.
+4
Askarbek15
2016-09-12 01:12:16
Жакындарына сабыр берсин.
+1
anar8672
2016-09-12 01:30:57
Айытынар маарек болсун ! Баарыбызды кырсык балээден сактасын Жаратканыбыз Эки дуйно бактылуулукту буйурсун.
+1
admin_portal
2016-09-12 10:31:33
Akmatbaev, Bayjigit83, Guli000, tinistan, Bakyi, Frunze74, жеке билдирүүлөр купуяга!
0
miki-84
2016-09-12 21:30:37
Базарда отурган аял эмес соода кылганы келген экен бусту алдына жылдыр деген жылдырганда кардани узулуп кетип Артка кетет аялды кач десе тура берет ОЗУ тешик ташка тушкон жер ото жаман
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан