Бүгүн, 19-октябрда кыргыздын белгилүү комузчу, күүчү, ырчы жана аткаруучусу, ЮНЕСКОнун эл аралык сыйлыгынын ээси, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, КРнын Эл артисти Нурак Абдырахманов тирүү болгондо 69 жашка толмок.
Нурак Абдырахманов Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында туулган. Токмок шаарындагы Республикалык маданият окуу жайын бүтүргөн. Эмгек жолун өз айылында клуб башчысы болуу менен баштаган. Райондук Маданият үйүнүн жана балдар музыкалык мектебинин директору, Аламүдүн районунун Байтик айылындагы Маданият үйүнүн башчысы болуп иштеген. 1986-жылдан тартып Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын солисти болгон. Элдик жана башка авторлордун 100дөн ашык күүсүн черткен. Токтогул, Атай, Муса, Бектемирдин жана башка элдик болуп кеткен ырларды чебер аткарган. Эл аралык көптөгөн фестивалдардын лауреаты. Анын аткаруусундагы музыкалык чыгармалар Японияда, Францияда, Чехияда, АКШда компакт-дисктерге жазылып, көп нуска менен чыгарылган.
2001-жылы август айында Өзбекстандын Самарканд шаарында ЮНЕСКО менен биргелешип өткөрүлгөн музыкалык фестивалдын байгесин жеңип, ЮНЕСКОнун сертификатын алган. Бул сертификат Нурак Абдырахмановго дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун, концерт берүүгө жолдомо болгон.
Комузчу болуп калганы тууралуу: "Кичине кезимде Токтогул Сатылганов тууралуу түш көрдүм. Токтогул ата биздин үйгө кирип келип төргө өтүп, комузун черте баштады. Черткенин көрүп, "комузун бир кармасам" деп ойлоп жатам. Бир маалда шарт токтоп мени карап, "Кел, сен да чертесиңби? Кана, чертчи..." деп мага комузун сунду. Сунулган комузду алып, черте баштадым, Токтогул ата угуп отурду. Ордумдан тура калып эшикти көздөй кадам шилтедим. Өрүк комузду алып чуркап качып кеткеним ушул азыркы күнүмдүн жышааны окшойт. Бала кезимде журналист, акыл-эс киргенде окутуучу болом деп эңсечүмүн. Жараткандын буйругу экен, комузчу болдум", - деп "Супер-Инфо" гезитине курган маектеринде айтканы бар.
Нурак Абдырахмановдун аткаруусундагы "Жибек жол", "Так теке" чыгармалары өнөрүн дагы өзгөчө деңгээлге көтөрүп, дүйнө элдерине даңазалап келе жатат. Анын "Аттила хан", "Азаттык камбаркан", "Улуу тоолор", "Сары-Өзөк", "Найман эне" сыяктуу күүлөрү жана "Бул дүйнө", "Аппак сүйүү тартуула" сыяктуу обондуу ырлары бар. 2009-жылы "Нурактын күүлөрү" деген аталыш менен анын чыгармаларынын арасынан 17 залкар күүсү нотага түшүрүлүп, өзүнчө көлөмдүү китеп болуп чыккан.
19-октябрдын жылнаамасы.