Ала-Бука районунда баптист аялдын окуясынан кийин жергиликтүү тургундарды ынтымакка чакырган жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда SUPER.KG порталына Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазис Закиров билдирди.
Белгилүү болгондой, 13-октябрда көз жумган 76 жаштагы баптизм агымындагы аялдын сөөгүн Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылында жергиликтүү эл айылдын мүрзөсүнө койдурбай койгон. Андан соң маркумдун туугандары сөөктү башка аймакка коюшкан, бирок маркумдун сөөгүн айылдыктар көрүстөндөн экинчи жана үчүнчү ирет казып салышкан.
"Айылдын эли башка динди карманган аялды мусулмандар бейитине койдурбай туура кылышкан. Анткени буга чейин дүйнө жүзүндөгү ислам аалымдары "мусулмандар бейитине башка диндеги адамдар коюлбасын" деген чечим чыгарышкан. Ошол эле учурда, шариятта айтылгандай, алар менен жакшы мамиледе болуу зарыл. Бирок маркумдун үй-бүлөсү буга чейин кошуналарына "бизге дуба кылбай эле койгула, жардамыңар керек эмес" деп эл менен мамилени үзүшкөн. Ал тургай айылдын аксакалдарынын "бул агымдан кайткыла" дегенин укпай коюшуптур. Мындан улам окуя курчуп кеткен", - деп кошумчалады облус казысы.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик кызматкерлер жана дин өкүлдөрү катышкан жыйындын жүрүшүндө маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты жөнүндө түшүндүрмө берилген. Ошол эле учурда иш-чаранын алкагында айылдын элин ынтымакка үндөгөн чакырык жасалган.
Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынып, айрымдары бул көрүнүшкө каршы чыгышкан. Ал эми муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу "окуяны айылдын дин кызматкерлери эле алдын алып, болтурбай коё алышмак" дейт.
"Негизи, илгертен эле ар бир диндин өкүлү өзүнүн көрүстөнүнө коюлуп келген. Шариятта да ушундай жазылган. Башка диндин өкүлүнүн мусулмандардын көрүстөнүнө коюлуп калышынын алдын алыш керек болчу. Бирок коюлуп калгандан кийин адамдын сөөгүн кайра-кайра каза берүү туура эмес, андай болбойт. Молдолор түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү", - деди Бактияр Токтогазы уулу.
Айыл өкмөтү тарабынан токтом менен бөлүнгөн жерге дин менен бөлүп көмүү керектиги мыйзамда жазылбаганын "Импера Групп" юридикалык компаниясынын башчысы Эмиль Джапакбаев айтат. Ошондой эле ал бейитке коюлган сөөктү казып алгандар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодесинин 263-беренесинин 2-пункту (өлгөн адамдын денесин жана алар көмүлгөн жерди мазактоо) менен жазага тартыларын кошумчалады.
"Өлгөн адамдын денесин мазактаганда жана көрүстөн жайларын, мүрзөнүн үстүндөгү курулуштарды жок кылганда, зыянга учуратканда же ыпыластаганда, ошого тете бейиттин ичиндеги же үстүндөгү буюмдарды уурдап кеткенде, 180 сааттан 240 саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга, болбосо 3 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эгерде ошол эле жосундар адамдардын тобу тарабынан жасалса, 3 жылдан 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат", - дейт юрист.
Ал эми Бишкек шаарынын түштүк-батыш аймагындагы көрүстөн экиге бөлүнгөнү маалым болду.
"Бишкек шаарынын түштүк-батыш аймагындагы көрүстөн мусулмандар жана христиандар үчүн болуп экиге бөлүнгөн. Ал 300 гектарга жакын жерди ээлеп жатат. Бул жерге каза болгон адамдардын жакындары келип, кайсы аймакка коюу керектигин айтышат. Биз жер көрсөтүп беребиз. Алардын кайсы динди карманганын сурабайбыз. Өздөрүнүн айтымы менен бөлүп коё беребиз, анткени шаар жеринде адамдарды тааныбайсың. Кимдин кайсы динди карманып жатканын биле албайсың", - деп билдирди Бишкек шаарынын түштүк-батыш көрүстөнүнүн башчысы Чыңгыз Апасов.
Теолог Жамалидин Хакназаров баптизм агымы менен Жахаба күбөлөрү өлкөбүздө мамлекетибиз эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин пайда болгонун айтат.
"Баптизм - христиан дининен келип чыккан агым. Баптизм менен Жахабанын күбөлөрүнүн жолу жана максаты бир. Бул агымдар өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан кийин, 1995-жылдан тарта пайда боло баштаган. Баптисттер өлгөндөн кийинки жашоо жок деп билишет. Алар Жер бетиндеги жашоону бейиш деп эсептешет. Булардын максаты - Жер бетиндеги адамдардын баарын баптизм агымына өткөрүп, бийлик жүргүзүү", - дейт теолог Жамалидин Хакназаров.