Бүгүн, 18-апрелде саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектеги Рухий-Мурас, Ак-Өргөө конуштарында, Ремесленный, Жунушалиев, Бронированный, Т.Молдо, Күрөңкеев көчөлөрүндө, Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарынын № 4, 5, 6,10, 11, 12, 13-көп кабаттуу үйлөрдө, Алексеевка айылынын Жуков көчөсүндө, Москва районун Беловодск айылында электр жарыгы өчүрүлөт. Ошондой эле Ысык-Ата районундагы Жар-Баш, Боз-Бармак, Интернационал, Шевченко, Красный Партизан, Сары-Жон, Төмөнкү Серафимовка, Тоолуу Серафимовка, Тогуз-Булак, Үч-Эмчек, Таш-Башат айылдарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул чектөөлөр тиешелүү көмөк чордондорду оңдоо иштерине байланыштуу болот.