Мамлекеттик Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов 17-апрелде Баткен облусундагы Чарбак айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары ортосунда чыр-чатактардын себеби болгон суу-жер маселелери талкууга алынды. Чарбак айылынын эли ичүүчү таза суу жана сугат суусу боюнча тартыштык жаралып жатканын билдиришти. Мындан башка да көптөгөн көйгөйлөр, сунуш-пикирлер айтылды. Жыйынтыгында Токон Мамытов айтылган маселелерди чечип берүү жана кесипкөй чек арачы кадрларды даярдоо багытында колдоо көрсөтөрүн белгиледи.