Орусиялык теннисчи, Чоң шлем түркүмүндөгү мелдештердин 5 жолку жеңүүчүсү Мария Шарапова Айымдардын теннис ассоциациясы (WTA) рейтингинен чыгарылды. Шарапова өткөн жумадагы рейтингдин 93-сабында турган. Ал эми жаңыланган рейтингде Шарапованын ысымы жарыяланган эмес. Бул тууралуу маалымат ассоциациянын расмий сайтында жарыяланды.
Белгилей кетсек, март айында Мария Шарапова тапшырган допинг тесттин жыйынтыгында анын мельдоний препаратын колдонгону аныкталган.
"Болуп өткөн окуя боюнча жоопкерчиликти өзүм алам жана өзүмдү гана күнөөлөй алам. Мен ушундан улам карьерамды бүтүрүүнү каалабайм. Кайрадан кортко кайтып келем деген үмүтүм бар", - деп билдирген спортчу. Бул окуядан соң ири компаниялар аны менен түзгөн келишимдерди бузушкан. Ал эми Эл аралык теннис федерациясы спортчуну 2 жылга спорттон четтеткен.