26-майга белгиленген айрым аймактарда жергиликтүү кеңештин депутаттарын кайра шайлоого даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө 15,5 миллион 475,4 сом талап кылынат. Бул маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялады. Буга байланыштуу БШКнын аппаратынын каржылык жана материалдык-техникалык башкармалыгына жогорудагы сумманы каржылоо тапшырмасы берилди. Белгилей кетсек, президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын айрым аймактарында жергиликтүү кеңештин депутаттарын кайрадан шайлоо өткөрүү тууралуу жарлыкка 15-апрелде кол койгон.