Чүй, Кемин өрөөнүндө жашаган сарыбагыш уруусунун тынай уругунан чыккан манап, саясий-коомдук ишмер, Жантай хандын уулу Шабдан Жантай уулу Чүй өрөөнүндөгү Көк-Жар жайлоосунда туулган.
Шабдан Жантай уулу жаштайынан эле саясий турмушка аралашкан. 1860-жылдын акырында Кокон хандыгынын кол башчысы Канат шаага кошулуп Ташкентке барган. Узунагачтын жанындагы орус аскерлерине каршы урушка катышкан. Ташкент шаарын коргоодо көрсөткөн каармандыгы үчүн Кудаяр хан аны Түркстан шаарынын беги кылып дайындаган. Бирок анда иштебей, атасынын таасири менен орустарга өтүп, өмүрүнүн аягына чейин ак падышага кызмат өтөгөн. Ал Токмоктогу уезддин башчысы жана Жети-Суу аскер губернатору менен тыгыз байланышта болгон. 1868-жылы орус букаралыгына өтүүгө каршы чыккан саяк уруусунун манабы Осмондун көтөрүлүшүн басууга катышкан. 1876-1977-жылдары генерал Скобелевдин алайлык кыргыздарды Орусиянын карамагына өткөрүү ишине көмөк көрсөткөн. 1878-жылы жигиттери менен Ат-Башынын түштүгүндө орустардын чалгындоо отрядын коштоп жүргөн. Орус падышалыгына кылган кызматы үчүн Шабдан баатыр сыйлыктарды алып турган. 1883-жылы ал падыша Александр III`нүн тактыга отуруу аземине катышып, аскер старшинасы наамын алып, алтын саат менен сыйланган. 1884-жылы ага жылына берилүүчү 300 сом пенсия чектелген. 1909-жылы Чоң-Кеминде жаңы усулда сабак өтүүчү медресе салдырган. 65 жашында ажылык сапарга Меккеге барган.
Кыргыздын тарыхый инсаны Шабдан Жантай уулу 1912-жылы 6-апрелде 72 жашында дүйнөдөн кайткан. Айрым маалыматтар боюнча, Шабдан баатыр өзүнүн болгон байлыгын жакыр адамдарга таратып, өзү жокчулукта каза болгон.
Шабдан баатырдын өмүр баяны, ишмердиги Осмонаалы Сыдык уулунун "Тарых-и кыргыз шадманийа" аттуу 1914-жылы Уфадан басылып чыккан эмгегинде жазылган.