ЖЫЛНААМА, 4-НОЯБРЬ: 1921-жылы Япониянын премьер-министри Хара Такаси террорчу тарабынан өлтүрүлгөн

Хара Такаси 1856-жылы 9-февралда Мориока аймагында самурайдын үй-бүлөсүндө туулган. 1871-жылы Токио шаарына окууга кетип, 17 жашында католик болгон. Кесиптик жолун кабарчылыктан баштап, кийинчерээк гезитте репортёрлук кызматты аркалайт. Япониянын тышкы иштер министри Иноуэ Каорунун айтуусу менен аталган министрликте иштей баштайт. 1918-жылдан 1921-жылга чейин премьер-министрлик кызматты аркалаган. Кытайда жана Францияда дипломаттык кызматтарда эмгектенип, 1890-жылдардын башында тышкы иштер министринин жеке катчысы, андан соң орун басары болуп иштеген. Ошондой эле Япониянын Кореядагы элчиси катары эмгектенген.

Кийин мамлекеттик кызматын таштап, журналистика тармагына кайтып барат. 1900-жылы “Риккэн Сэйюкай” партиясына кошулуп, анын башкы катчысы болуп дайындалат. 1912-жылы аталган партиянын башчысы болот. 1900-жылдан 1901-жылга чейин байланыш министри, бир жылдан кийин Япониянын парламентинин өкүлү болуп иштеп баштайт. 1906-жылдан 1914-жылга чейин ички иштер министри болуп эмгектенет. Ал эми 1918-жылы премьер-министр болуп дайындалат. Анын бийликке келиши менен Японияда партиялык башкаруу башталган.

Х.Такаси 1921-жылы 4-ноябрда Япониянын темир жол бекетинде Вашингтон конференциясынын жүрүшүнө канааттанбаган террорчу тарабынан өлтүрүлгөн.

4-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан