Ноябрь, декабрь айларында Ай Жер менен жакын болуунун жогорку чегине жетет. Андыктан бул айларда Айдын толгону байкоочуларга өзгөчө чоң жана жарык болуп көрүнөт. Айрыкча Айдын укмуштуудай толуп турган көрүнүшү 14-ноябрда катталат. Аба ырайы ошол күнү ачык болсо, Кыргыз жериндегилер бул көрүнүштү көрө алышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Окумуштуулардын айтымында, бул акыркы 68 жылдагы эң чоң көрүнүш болмокчу. НАСАнын маалыматы боюнча, бул күнү Ай Жердин жашоочуларына 14 пайызга чоң жана 30 пайызга жарыгыраак көрүнмөкчү", - деп айтылат.
Жердин чыгыш жарымынын жашоочулары тарыхтагы ири көрүнүштү Гонконг убактысы боюнча 21:52ден баштап көрө алышса, Кыргыз өлкөсүнүн эли жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:52ден баштап көрө алышат. Акыркы жолу мындай өзгөчө көрүнүш 1948-жылы 26-январда болгон, кийинкиси 2034-жылы кайталанышы мүмкүн.
"Супер толгон Ай" термини Айдын Жер менен жакын болуусунун жогорку чегине жеткендегисин түшүндүрөт.