SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Чет жерде жүргөндө кыргыздарга жардам бересиңби?" деген тема кызуу талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Акыркы маалда көп кыргыздар чачырап, баарыбыз эле чет жактарда жүрөбүз. Мисалы, мен чет жерде жүргөндө кыргыздарды көрүп калсам, өзүмдүн бир тууганымды көргөндөй болуп, көздөрүм жайнап сүйүнүп кетем. Жардам сурашса, колдон келишинче жардам берүүгө тырышам. Кыргыздар көп жерге барып калсам да сүйүнүп, "баары биздикилер, эч ким капа кыла албайт, бир нерсе болсо болушат же жардам берет" деген боордоштук сезимим жандана түшөт. Эң жакшы көргөн, Ата Мекенибиздин желегинин сүрөтү тартылган футболкамды кийип жүрө берем. Кыргыздын оймолору түшүрүлгөн кийимдерди кийип чет жерде баш көтөрүп жүргөндүн өзү сыймык. Кыскасы, Кыргыз жергесин абдан сагындык. Кыргыздар бирин-бири талап-тоноп, өлтүргөндү, уурдаганды коюшса жакшы болот эле. Москвада жүрүп бири-бири менен касташып кеткен кыргыздар тууралуу көп уктук. Биримдикте бололучу, туугандар".
"Жардам сураган кыргыздарга колумдан келген жардамымды берем. Бир жолу метронун кире бериш жеринде бир аксакал таяк таянып туруптур. Чатырдан кулап түшүп, бутун сындырып алганын өтө капалануу менен айтты. Билет алып кеткенге акчасы жетпей жатканын айтканынан 200 рубль акча бергем".
"Мен көп эле жолу жардам бердим. Кээ бири эптеп акча алыш үчүн жардам сураганын көрүп-билип турсам да, сөз менен түшүндүрүп, колуна акча карматкан күндөр болду. Аянычтуусу, метродон ыйлап турган кыргыз кызды көрүп, жардам бере алган эмесмин. Көрсө, ал кыз боюнда болуп калганына ыйлап жаткан экен".
"Мен телефонумду сурап калгандарга берип турчумун. Бир жолу 1998-жылы туулган кыз батиринин акчасын төлөй албай калганда үйүнөн кууп чыгышкан экен. Аны үйүбүзгө алып келип, кийин жумушка орноштуруп бердим. Ошондой жардам кылганыма сүйүнөм. Кийин ал кыз иштеп, акчасын чогултуп алып өлкөбүзгө кеткен".
"Чет жерден кыргыздарды көргөндө көрмөксөн болуп коём. Сураса жооп берип коюшум мүмкүн, өзүм сөз баштабайм. Ооруканада практикада жүргөндө, тилден кыйналып жаткан бир кыргыз баланы көргөм. Учурашып коёюн деп уялып, басып бара албадым. Эртеси сөзсүз учурашам деп даярданып, айтар сөзүмдү камдап барсам, башка бөлүмгө которуп салышыптыр".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.